Бишкекте ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрү диаспора маселесин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 22.11.23./Кабар/. Бүгүн Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрдүн диаспора иштери боюнча министрлеринин жана мекемелердин жетекчилеринин V жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага келген Кыргызстан, Азербайжан, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, байкоочу өлкө катары Венгриянын өкүлдөрү жана Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгынын өкүлдөрү диаспоранын ишмердүүлүгүнө жана мамлекеттин имиджин илгерилетүүдөгү ролуна байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова кыргыз диаспорасынын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын белгиледи.

"Кыргыз диаспорасынын ролу талашсыз жана кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн, этникалык жана руханий өзгөчөлүгүн сактоого, тарыхый мекени менен экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган. Президент Садыр Жапаров эмгек мигранттарынын коопсуздугуна жана кыргыз диаспорасы менен өз ара аракеттенүүгө чоң көңүл бурат. Республикада мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңеш бар, анын курамына ар кайсы өлкөлөрдөн келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кирет.

"Мекен карт" улуттук демилгеси мекендештердин билим алууга жана саламаттыкты сактоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ишке орношууга жардам берүүгө багытталган. Migrant.kg сайтында жана "Мигранттын маалымдамасы" тиркемесинде коопсуз миграция жана чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу маселелери боюнча эң актуалдуу маалыматтар жайгаштырылган", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий