• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте тоо экосистемасын калыбына келтирүүгө арналган тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. КР президентинин атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев бүгүн ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен эл аралык тоо күнүнө карата "Тоо экосистемаларын калыбына келтирүү" темасында тегерек стол өткөрдү.

2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 11-декабрды Эл аралык тоолор күнү деп жарыялаганы айтылды. Бул күндү белгилөө тоолордун планетада жашоо үчүн мааниси жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктары менен көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана дүйнө жүзү боюнча тоолуу элдердин жашоосун жана жашоо чөйрөсүн жакшыртуу боюнча аракеттерди бириктирүү максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон. БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы беш жылдыктын глобалдык иш-аракеттер планын ишке ашырууга активдүү катышууга чакырган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин концепциясын жана жол картасын (2023-2027) даярдады. Бул документтер Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен бекитилген.

Тегерек столдун ишине дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик жана илимий органдардын өкүлдөрү, БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын КС-28тин катышуучулары, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Тоо күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча профилдик мамлекеттик органдардын, эл аралык жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн баяндамалары жана билдирүүлөрү угулду. Баяндамачылар өз сөздөрүндө токой чарбасы чөйрөсүндө глобалдык, региондук жана улуттук деңгээлде Кыргыз Республикасынын тоо күн тартибин ишке ашыруунун ырааттуулугу жана жактоочулугу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жолдору, азык-түлүк коопсуздугу, калктын саламаттыгы, тоолуу аймактарда дары чөптөрдү өстүрүү жана колдонуу маселелерине басым жасашты.

Бул жерде "Тоо өнөктөштүгүнүн" колдоосу астында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан (ФАО, Рим) Кыргызстандын аймактарында өстүрүлгөн жетишкендиктердин, дары чөптөрдүн жана органикалык айыл чарба продукциясынын көргөзмөсү уюштурулган.

Иш-чара глобалдык жана улуттук демилгелерди колдоо жана ишке ашыруу, ошондой эле өлкө президенти Садыр Жапаровдун тоолуу экосистемаларды сактоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча күч-аракеттеринин алкагында өткөрүлдү. Бул иш-чара тоолорду туруктуу өнүктүрүү менен байланышкан уникалдуу чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө көңүл буруу үчүн өлкөнүн аракеттерин бириктирүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий