• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте транспорт түйүндөрү курулат

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкекте транспорт түйүндөрү курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы Кытай тарап менен транспорттук түйүндөрдү куруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол койду.

Ошентип, Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен (3-фаза) төмөнкү транспорттук түйүндөрдү куруу пландаштырылууда:

  • Л.Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги транспорттук түйүн;
  • Анкара жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорттук түйүндөрдү реконструкциялоо жана жолдорду кеңейтүү, Ахунбаев көчөсүнө 7-Апрель көчөсүнөн Анкара көчөсү чейинки аралык.

Учурда жогоруда аталган транспорт түйүндөрүн деталдык долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Болжолдуу курулуш мөөнөтү - 2025-2026-жылдар.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жогоруда аталган долбоордун 3-фазасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий