• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Партия лидери: Чек ара маселеси чечилип жатканда популисттик билдирүүлөр орунсуз

Коом 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. “Коңшулар менен тынчтыкта ​​жанаша жашоо, чек ара маселеси чечилип жаткан учурда популизм жана пиар - жаңжалдарга түз жол ачат. Өздөрүнө көңүл бурдура албай жаткан оппозициячылар Кыргызстанды эмнеге түртүп жатканын аңдашы керек”, - деп билдирди “Кабар” агенттигине берген маегинде Прогрессивдүү жаштар партиясынын лидери Замир Абдыкадыров.

Ал белгилегендей, Бишкек менен Ташкент Кемпир-Абад суу сактагычын жана ага чектеш жерлерди пайдалануу боюнча эки тарапка тең пайдалуу чечимге жакындап келе жатат. Мындай документтер кол коюуга жана ратификациялоого даярдалып жатканда, алардын деталдары белгилүү бир убакытка чейин ачыкталбашы керек. “Саясий көз караш менен алып караганда оппозиция акылга сыйбаган иштерди жасап жатат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек араны тактоо боюнча эл аралык келишим боюнча сүйлөшүү процесси жүрүп жатат. Бул абдан оор процедура, анткени, эки тарап тең өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргойт. Азыр кимдир-бирөөлөр тарабынан документтерди ачыктоо талап кылынып жатат. Эмне максат менен? Жетишилген макулдашууларды бузуу үчүн эмес деп үмүттөнөм. Оппозиция келишимди парламентте ратификациялоо учурунда деле бере турган суроолорун берсе болот. Азыр жөн эле ызы-чуу кылуунун эмне кереги бар?

Президент чек араны делимитациялоо эки өлкөгө тең пайда алып келерин, суу сактагыч Кыргызстан үчүн да, Өзбекстан үчүн да паритеттүү шартта колдонуларын ачык айтты. Мен курамында буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдар болгон оппозициялык топко караганда, Садыр Жапаровго көбүрөк ишенем. Чынын айтканда, чек ара маселелери чечилип жаткан кезде популисттик билдирүүлөр орунсуз. Биз азыр орун алып жаткан окуяларга көз чаптырып, коңшулар менен тынчтыкта ​​жана ынтымакта жашоону баалап, баркташыбыз керек.

Президент убада кылгандай, жакында Кемпир-Абад боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим ачыкталат. Ошондо деле бардыгын ойлонууга жана талкуулоого убакыт болот”, - деп сөзүн жыйынтыктады Замир Абдыкадыров.

Пикир

Оставить комментарий