Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Бишкектин Москва жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жана автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Кырсык бүгүн болжол менен саат 10:30да болгон. Жабыркагандар жок, бирок материалдык чыгым келтирилген.
Учурда троллейбус оңдоочу жайга, автобус айып короосуна токтотулду.
Инспектор кырсыктын чаа-жайын аныктоодо.
Пикир
Оставить комментарий