• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Дайынсыз жоголгон Мукамбеталы Маматалы уулун издөө иши токтотулду

Кырсык 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон Мукамбеталы Маматалы уулун издөө иштери токтотулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Мукамбеталынын жакын туугандарынын куткаруучуларга карата билдирген ыраазычылыгы менен активдүү издөө иштери аяктады.

Кечээ, 23-январда издөө иштерине жалпы 282 адам тартылып, саат 18:00гө чейин издөө жүргүзүлдү, бирок натыйжа болгон жок.

ӨКМдин курамында 1 кинолог, 4 атчан болгон 172 куткаруучусу, ИИМден 110 кызматкер издөө ишин алып барды. Ошондой эле жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды

Эске салсак, 13-январда 28 жаштагы Мукамбеталы Маматалы уулу дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий