Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыкпагандыгына байланыштуу Бишкек троллейбус башкармалыгы калаадагы троллейбустардын ишин түнкү саат 23:00гө чейин узартты.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, троллейбустар жакынкы күндөрү таңкы саат 5:40тан түнкү саат 23:00гө чейин төмөнкү маршрут боюнча каттайт:
- № 2 — “Эт комбинаты” — Аламүдүн-1 кичи району;
- № 4 — “Эт комбинаты” — “Кожзавод”;
- № 5 — Тунгуч — Жал кичи району;
- № 6 – 8-кичи району — Батыш автобекети;
- № 7 — “Ош” базары — Тунгуч кичи району;
- № 8 — Чыгыш автобекети — Жер иштетүү институту;
- № 9 — Жер иштетүү институту — Аламүдүн-1 кичи району;
- № 10 — “Фрунзе” заводу — Асанбай кичи району;
- № 11 — Асанбай кичи району — Чыгыш автобекети;
- № 14 — Жал кичи району — Киркомстром;
- № 17 — “Кожзавод” — Асанбай кичи району.
Мэриянын билдирүүсүнө караганда, бүгүн 140 троллейбус жүргүнчүлөрдү ташыган.
Пикир
Оставить комментарий