• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Троллейбустар убактылуу "Аскер курулуш" ишканасынын аймагына жайгаштырылат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен эки троллейбус автобазасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө эки автобазада турган троллейбустар капиталдык оңдоого тоскоолдук жаратууда. Буга байланыштуу троллейбустар убактылуу Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын аймагына ташылып жатат.

Эске сала кетсек, борбор калаада троллейбус каттамдары токтотулган. Алардын ордуна эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электробустар келет.

Учурда шаарда 56 каттам боюнча 1200дөн ашык автобус иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий