Бишкекте троллейбустардын санитардык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 21.07.22 /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, транспорттун санитардык абалы, жумуш учурунда айдоочулардын жүрүм-туруму, санитардык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди.

Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий