• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Соцфонд: Мугалимдердин орточо пенсиясы 10,2 миң, дарыгерлердики 11,8 миң сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда мугалимдердин орточо пенсиясы 10 миң 239 сомду, ал эми дарыгерлердики 11 миң 804 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, бул аз эмес, орточо сумма.

Ал белгилегендей, учурда пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомду түзөт. 2030-жылга карата пенсиянын көлөмү жошоо минимумунан төмөн болбошу керек.

Пикир

Оставить комментарий