• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Түрмөлөрдө иштеген дарыгерлерге кошумча төлөм төлөнүп берилиши мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Түрмөлөрдө иштеген дарыгерлерге кошумча акы төлөп берилиши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Эркектердин түзөтүү колонияларындагы медициналык жардамга жеткиликтүүлүк мониторингинин жыйынтыктары” темасындагы тегерек столдо айтылды.

Маалыматтарга караганда, өкмөттө үй-бүлөлүк медициналык борборлордун дарыгерлерине жабык түрмө мекемелерде медициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүн кошумча төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн токтом долбоору бар.

Документке ылайык, үй-бүлөлүк медициналык борборлордун дарыгерлери убактылуу кармоочу жайлардагы жана башка эркинен ажыратуу жайларындагы адамдарды тейлешет. Негизги элемент болуп дарыгерлерге бул жумушу үчүн кошумча төлөп берүү мүмкүнчүлүгү саналат.

Пикир

Оставить комментарий