Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Бишкекте 18-19-апрелде коомдук транспорттун техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар текшерилди.
Айрым троллейбустар жеринен оңдолуп, линияга чыгарылды. Талапты аткарбаган троллейбустардын айдоочуларына протоколдор түзүлдү.
Мындай текшерүүлөр айына эки жолу жүргүзүлүп турат.
Эске салсак, борбор калаада күнүнө орто эсеп менен 135 троллейбус каттамга чыгат.
Пикир
Оставить комментарий