• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды – видео

Кырсык 0


Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта таң эрте Бишкек шаарынын Муромская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 7:17де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, андан соң Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Буга кошумча саат 7:41де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1, саат 7:44тө штаб жөнөтүлгөн.

Жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 суу ташуучу унаа тилсиз жоо менен күрөшүп, саат 8:13тө чектөөгө алынды Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий