Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-август күнү саат 19:54дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында - 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында - 4 балл, Жалал-Абад шаарында - 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий