• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте тыгындарды жоюу үчүн жаңы жол курулууда

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жол тыгынын жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды.

Муниципалитеттен билдиришщкендей, Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чыгуучу Арал тилкесинде капиталдык оңдоо иштери башталды. Оңдоодон соң, узундугу 1500 метр, туурасы 6 метрди түзгөн, аталган тилке Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде альтернативдүү жол болмокчу.

"Бүгүнкү күндө Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки жол жарым-жартылай асфальтталды. 2 катмар асфальтбетон аралашмасын төшөп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жакында Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталат.

Буга чейин бул аймакка 3 дренаждык түтүк орнотулган. Курулуш иштеринен тышкары кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор, кампалар алынды", - деп кошумчалашты мэриядан.

Белгиленгендей, жол оңдоо иштерин 10-октябрга чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий