• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда майыптыгы бар 211 миң адам жашайт, анын ичинен 37 миңи балдар

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек министри Гүлнара Баатырова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Исаков, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышты.

Министр Баатырова катышуучуларга майыптыгы бар балдарды социалдык жактан камсыздоо жаатындагы абал тууралуу маалымат берип жатып, бүгүнкү күндө өлкөдө майыптыгы бар 211 миң адам жашай турганын, алардын 37 миңи балдар экенин белгиледи.

"Өлкөдө жыл сайын 5 миңге жакын бала текшерүүдөн жана кайра текшерүүдөн өтөт. "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында бүгүнкү күндө МСЭКтен өтүү жөнөкөйлөштүрүлдү, эми ар кандай ведомстволордон көптөгөн маалымкаттарды чогултуунун кажети жок, бардыгы санариптештирилди.

Майыптыгы бар балдарды социалдык камсыздоого ай сайын 8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөө каралган. Майыптыгы бар ар бир төртүнчү бала жеке жардамчынын кызматын алат. Жардамчылардын акысы айына 6,3 миң сомду түзөт", - деди министр.

Баатырова майыптыгы бар 6 миңге жакын бала протездик-ортопедиялык буюмдарды акысыз алышарын кошумчалады.

"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси Россия, Германия, Кытайдын алдыңкы протездик өндүрүүчүлөрү менен кызматташат. Электроникасыз иштеген, суудан коркпогон жана балдарга толук ылайыкташкан протездик-гаджеттерди чыгаруу өздөштүрүлгөн. Буга чейин 13 бала ушундай киби-протездерди алышкан", - деди Баатырова.

Жыйындын күн тартибинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана маданият, дене тарбия жана спорт тармактарында укуктарын ишке ашыруу маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий