Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин имаратынын айланасындагы тосмо алынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдииршти.
Маалыматка ылайык, мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбордогу административдик имараттардын алдындагы тосмолорду демонтаждоодо.
Тактап айтканда, Эркиндик көчөсү-57 дарегинде жайгашкан Тышкы иштер министрлигинин 230 метрден турган темир дарбазасы демонтаждалды.
Бул иш "Бишкекбашкыархитектура" МИнин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле шаар куруу-архитектуралык ишмердүүлүгү жаатында бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында бул багыттагы иштер улантылат.
Пикир
Оставить комментарий