Бишкек, 23.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарында 17 жашка чейинки балбандар арасында эркин, грек-рим, кыздар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.
Мелдеш 19-22-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында өттү.
Кыргызстандын бул жаш курактагы балбандары жалпы 13 медаль жеңди:
Грек-рим күрөшү боюнча жети медаль:
1-орун — Жантөрө Мирзалиев (60 кг);
1-орун — Кутман Темирбеков (65 кг);
1-орун — Асан Жанышов (80 кг);
1-орун — Нурболот Сыргабай уулу (92 кг);
2-орун — Кубаныч Аринов (51 кг);
3-орун — Абдулахадходжа Абдуллаходжаев (55 кг);
3-орун — Жоомарт Аралов (71 кг).
Кыздар арасындагы күрөш боюнча төрт медаль:
1-орун — Гүлнура Таштанбекова (65 кг);
3-орун — Айтолкун Медет кызы (57 кг);
3-орун — Жаркынай Нурлан кызы (61 кг);
3-орун — Диана Амантурова (43 кг).
Эркин күрөш боюнча эки медаль:
1-орун — Билол Шарип уулу (60 кг);
3-орун — Аскат Токтоматов (55 кг).
Эскерте кетсек, бүгүн, 23-июнда Бишкекте эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-23 Азия чемпионаты башталат.
U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.
Пикир
Оставить комментарий