• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүн ачуу пландалууда

Саясат 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Кечээ, 25-февралда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Мадмаров маектешине Кыргызcтандын ички саясий кырдаалы жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө кыскача маалымат берди, ошондой эле коронавирустук инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүү жана эмдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар темасына токтолду.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты, анын ичинде кезектеги ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүү, Кыргыз-украин өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандандырууну талкуулашты.

Маектешүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү, айыл чарба, туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну илгерилетүү каралды.

Украинанын элчиси Жовтенко жакында Бишкекте Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн ачылышы, ошондой эле Кыргызстанда эки тараптуу Бизнес форум өткөрүү пландары жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий