• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ШКУнун башкы катчысы: Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көңүл борборуна айланууда

Саясат 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. "Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көңүл борборуна айланып бара жатат", деп баса белгиледи Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө.

Чжан Мин уюмдун экономикалык мааниси өсүп жаткандыгын белгилеп, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында Бишкекте ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын деңгээлинде өткөн расмий иш-чаралар, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 26-октябрына белгиленген ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги иш-чаралар "Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көңүл борборуна айланып бара жаткандыгына" далил экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, тараптардын жолугушуусу бүгүн Бишкекте өтүп, анда ШКУ алкагында көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий