• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте укук коргоочу, коомдук ишмер Шералы Назаркулов эскерилди

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда, КР Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков белгилүү укук коргоочу, коомдук ишмер, публицист жана экономист Шералы Назаркуловдун жаркын элесине арналган эскерүү аземине катышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Шералы Назаркулов 2002-жылы 7-февралда узакка созулган ачкачылыктан кийин каза болгон, ал Үзөңгү-Кууштагы кыргыз жерлеринин коңшу мамлекетке өтүп кетишине нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаган.

Эскерүү иш-чарасы КР Айыл чарба министрлигинин имаратынын дубалына орнотулган мемориалдык тактанын жанында өттү. Иш-чаранын катышуучулары куран окуп, мемориалдык тактанын алдына гүлчамбар коюшту, ошондой эле аталган министрликте жайгашкан Шералы Назаркуловдун музейинде болушту.

«Укук коргоочу Шералы Назаркулов саясий акциянын курмандыгы болгонун мамлекет тааныды. 2010-жылы Ш.Назаркуловдун 60 жылдык мааракеси өкмөттүк деңгээлде белгиленген. 15 жылдан ашык убакыттан бери КР Акыйкатчы институту Ш.Назаркуловду эскерүү иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышып келет. Акыйкатчы аппаратынын түздөн-түз жардамы менен мемориалдык плита орнотулуп, Бишкектеги № 80 орто мектепке анын ысымы ыйгарылган. Биз дагы да Шералы Назаркуловдун укук коргоо ишмердүүлүгүн элге жайылтуу боюнча маалыматтык иштерди жигердүү улантабыз”, - деди Аскат Азарбеков.

Маалымат үчүн: Шералы Назаркулов активдүү жарандык позициясы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган (өлгөндөн кийин). Ш.Назаркулов атындагы коомдук фонд дагы бар, Шералы Назаркулов макамы боюнча Аксы окуясынын катышуучуларынын статусуна теңелген.

Пикир

Оставить комментарий