• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүнкү күндө биз машина-трактордук парктын 80 пайызын жаңылашыбыз керек – Кожогулов

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө машина-трактордук парктын 80 пайызын жаңылоо керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыздоо департаментинин директору Нурлан Кожогулов билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба техникасынын баасы аябай кымбат. Учурда Кыргызстанга дан маданияттарын, кант кызылчасын жыйноого техника жетишпейт, пахта айдоо үчүн анын кээ бир түрлөрү такыр эле жок.

“Бүгүнкү күндө биз машина-трактордук парктын 80 пайызын жаңылашыбыз керек. Буга дан комбайндары, эгин айдоочу тракторлор, кант, жүгөрү жана башка ар кандай техникалык маданияттарды жыйноочу техника кирет. Андан сырткары кайра иштетүүчүлөр үчүн шаймандарды жаңыртуу керек. Мындай тармак бизде эми гана башталып жатат жана алдыда өтө турган “АгроТехЭкспо-2018” көргөзмөсүндө биз дыйкандарга кайра иштетүүчү жабдыктын жаңы модификациясын сунуштайбыз”, - деди Нурлан Кожогулов.

Пикир

Оставить комментарий