• 87
  • 90.59
  • 0.87

Бишкекте унаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугу текшерилди

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында унаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугу текшерилди.

Муниципалитепттен билдиришкендей, унаалар мэриянын муниципалдык инспекциясы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан текшерилип, жыйынтыгында эки унаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугунун деңгээли жогору экени аныкталган.

Айдоочуларга 30 миң 500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, ар бир айдоочу менен жолго чыгардын алдында унааны текшерүү жана бузулган учурда өз убагында оңдоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, техникалык жактан жараксыз унаалар зыяндуу газдарды көбүрөөк бөлүп чыгарат. Мындай учурларда, айдоочулар техникалык кароодон өтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий