Бишкекте универсиаданын жабылыш аземи өттү — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде универсиаданын жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чарага Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук олимпиада комитетинин, Студенттик спорт федерациясынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын ректорлору жана ошондой эле мелдештердин байгелүү орундарына ээ болгон курама командалар катышты.

Универсиаданын жеңүүчүлөрү диплом, медалдар менен, баалуу сыйлыктар жана акчалай сертификаттар менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы – 100 миң сом;
2-орун – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 80 миң сом;
3-орун – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 60 миң сом.

Ал эми 4-5-6-орундун ээлери спорттук инветарь менен сыйланышты.

Ошондой эле, Дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Спорттун ардагери” төш белгиси менен Бермет Кудабаева, “Дене тарбиянын мыктысы” төш белгиси менен Жыргалбек Исмаилов, Департаменттин “Ардак грамотасы” менен Сагынаалы Жумабеков, Кубанычбек Авазов, Дильшат Иманходжаев жана Азат Токтобаев сыйланды.

Эскерте кетсек, универсиада 2-апрелден 27-апрелге чейин өтүп, ага өлкөнүн 35 жогорку окуу жайларынан 4 миңден ашуун студент катышты. Жалпы 17 спорттун түрүнөн мелдештер болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий