• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кочкор районунда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин сектору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Кочкор районунун "Кочкор" айылында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин сектору ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага "Унаа" мекемесинин директорунун орун басары Н.Ишеналиев, Кочкор районунун акими Э.Омошев, жергиликтүү тургундар жана активисттер катышты.

"Калкка тез жана ыңгайлуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2023-жылдын башынан тарта "Унаа" мамлекеттик мекемеси жергиликтүү калктын муктаждыктарын жана санын эске алуу менен 3 сектор жана 1 филиал ачты", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы ачылган сектордун дареги: Кочкор айылы, Орозбакова көч. №46. Иш графиги дүйшөмбүдөн жумага чейин 08:30-17:30.

Пикир

Оставить комментарий