Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бишкекте уруксатсыз орнотулган обьектилерди демонтаждоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 40 тонналык контейнер демонтаждалды.
Ошондой эле Панфилов көчөсүндө жайгашкан тосмо ээлери тарабынан өз ыктыяры менен алынды.
Мындан тышкары, Чортеков жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги уруксатсыз орнотулган күркө алып салынды.
Пикир
Оставить комментарий