Бишкекте уурдалган унаа Ноокен районунан табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Бишкектен "Тойота Хайс" унаасын уурдап качкан айдоочу Ноокен РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Чүй менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде KGBH9088 мамлекеттик номурлуу "Тойота Хайс" үлгүсүндөгү унаа уурдалганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан бүгүн, 10-октябрда Бишкек - Ош унаа жолунун 533-чакырымында (Ноокен району) аталган унаа токтотулган. Унааны 1987-жылы туулган А. Ш. башкарып бара жаткан.

Кармалган шектүү Ноокен РИИБдин тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий