ИИМ: Зергер жасалгаларды уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери зергер буюмдарды уурдоого шектелген жаранды кармады.

ИИМден билдиришкендей, 2021-жылы борбор калаанын тургуну 2020-жылдын аягында болгон уурулук фактысы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу унаанын ичиндеги сумкасынан ири өлчөмдөгү алтын зергер жасалгаларын уурдап кеткен белгисиз жаранды таап, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты “Уурдоо” беренеси боюнча катталып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп келген.

Маалым болгондой, шектүү уурдалган зергер жасалгаларды күрөөканага өткөрүп, андан түшкөн акча каражатын өз кызыкчылыгына колдонуп жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган Чүй облусунун 33 жаштагы Ш.Д. аттуу тургуну кармалган.

Аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана “смотрящий” криминалдык макамына ээ.

Кармалган жаран башка кылмыштарга да шектелүүдө. Учурда ал тергөө абагына камалды.

Пикир

Оставить комментарий