• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте Wildberries'те Кыргызстандын товарларын сатуу боюнча окуу өттү

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Wildberries маркет-плейсинин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстандын товарларын сатууну башкаруу" темасындагы семинар өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, семинарга Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайынын, мамлекеттик органдардын жана Wildberries интернет-дүкөнүнүн өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр, экспорттоочулар жана адистер катышты.

Аталган семинардын жүрүшүндө катышуучулар сатуунун көлөмүн көбөйтүү жана платформада кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын көрүнүүсүн жогорулатуу боюнча стратегияны жана продукцияны сертификациялоо талаптарын талкуулашты.

Мындан сырткары, катышуучулар сертификаттоо процесси, өндүрүүчүлөргө жеткиликтүү колдоо, тамак-аш азыктарын техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо тууралуу маалымат ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий