Бишкекте "MINEX Борбордук Азия" X тоо-кен геологиялык форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. / Кабар/. Бишкекте X "MINEX Борбордук Азия" тоо-кен геологиялык форуму өтүүдө.

Форумдун башкы темасы – “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери”.

Форумдун алкагында Кыргызстандын жетекчилиги министрликтер, бизнес-делегациялар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Андан соң форумдун катышуучулары үчүн өлкөнүн кен казуу ишканаларынын иши менен тааныштыруу уюштурулат.

"MINEX Борбордук Азия" форуму жыл сайын Борбор Азиядагы мамлекеттердин биринде өткөрүлүп турат. Иш-чара Борбордук Азиянын минералдык курунун ресурстарын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы региондор аралык жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, климаттын бейтараптыгына өтүүгө жана социалдык-экономикалык өсүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий