• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Москвада "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Москвада "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Айдит Эркиндин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШнын үчүнчү департаментинин жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө кызматташтыкты жандандыруу, Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жеткирүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстанда орус мектептерин куруу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууга байланыштуу маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий