• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте "Ынтымак" жана "Ак-Кула" көмөк чордондору ачылды

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Ынтымак" жана "Ак-Кула" көмөк чордондорунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, "Кыргызстан электр тармактары" ААКтын директорлор кеӊешинин төрагасы Атантай Турдубаев жана башкалар катышты.

Көмөк чордондор керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн "КУЭТ" ААКтын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан курулду.

"Ак-Кула" жогорку чыӊалуудагы көмөк чордону эски ипподромдун районунда курулуп, Жал, Рабочий городок, ипподром райондорунда жайгашкан керектөөчүлөрдү жана жаӊы салынып жаткан Мамлекеттик ипотекалык компаниялардын үйлөрүн электр энергиясы менен камсыздайт.

"Ак-Кула" көмөк чордонунда кубаттуулугу 16 000 кВА болгон күч трансформатору, элегазалык өчүргүчтөрү жана 110 кВ чыңалуудагы ток трансформаторлору, ажыраткычтары, сырткы орнотмодогу 10 кВ комлекттик бөлүштүрүүчү жабдуу орнотулган. Ошондой эле, адистер 110 кВ чыңалуудагы "Ала-Арча – Ново-Южная-1" электр аба чубалгысынын тартышкан. Ошондой эле жаңы 110/10кВ “Ак-Кула” көмөкчордону, иштеп жаткан 110/35/10 кВ “Мамбетова”, 110/35/6 кВ “Ново Южная”, 110/10 кВ "Айни" көмөкчордондорунун жүктөмүн жана электр энергиясынын жоготууларын азайтууга мүмкүндүк берет.

Ал эми "Ынтымак" жогорку чыӊалуудагы көмөк чордону Орто-Сай айылында курулуп, Оро-Сай айылын жана жакын жайгашкан жаӊы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылат.

"Ынтымак" көмөк чордонунда кубаттуулугу 10 000 кВА болгон күч трансформатору, элегазалык өчүргүчтөрү жана 110 кВ чыңалуудагы ток трансформаторлору, ажыраткычтары, сырткы орнотмодогу 10 кВ комлекттик бөлүштүрүүчү жабдуу орнотулган. Ошондой эле, адистер 110 кВ чыңалуудагы "ТЭЦ Б – Парковая-2" электр аба чубалгысын тартышкан.

Ошондой эле жаңы 110/10 кВ "Ынтымак" көмөкчордону, иштеп жаткан 110/35/10 кВ “Парковая”, 110/35/6 кВ "Абдыкалыкова" көмөкчордондордун жүктөмүн жана электр энергиясынын жоготууларын азайтууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий