Бишкекте ысык суу 1-июндан тарта бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында керектөөчүлөргө ысык суу 2024-жылдын 1-июнунан тарта бериле баштайт. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине "Бишкекжылуулуктармагы" ААКтан тастыкташты.

Суу берүү 3-4 күнгө созулат. Суу биринчи кезекте социалдык объектилерге берилет. Ал эми жөнгө салуу иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Ысык суу берүүдө маселе жаралса төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот:

  • Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, ( 0557) 611166, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66;
  • Диспетчердик кызмат: 56-85-58;
  • Борбордук аймакта курулуш тутумдары боюнча нөөмөтчү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67;
  • Түштүк райондогу курулуш тутумдары боюнча нөөмөтчү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкекте суу 22-апрелден тарта токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий