• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүмү ачылат

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Эртең Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Өргө конушунда заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүмү ачылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Корея эл аралык кызматташуу агенттиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын ɵрткɵ каршы жана куткаруу кызматтарынын дараметин күчɵтүү жолу менен калктын ɵрт коопсуздук деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында ачылып жатат.

Өрткө каршы-куткаруу бөлүмү өрт өчүрүүчү унаа, авариялык куткаруу унаасы жана куткаруу шаймандары менен жабдылган.

Иш-чарага Бообек Ажикеев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соён, БУУнун туруктуу өкүлү Александра Соловьева жана куткаруучулар катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий