• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өзгөчө кырдаал режими шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылды

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бишкекте өзгөчө кырдаал режими шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, 28-мартта Бишкекте болуп өткөн бороон-чапкындан улам калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон.

Бүгүн муниципалитетте мэр Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү. Күн тартибинде 2024-жылдын 28-мартында катуу шамалдан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаалдын алкагында аткарылган иштер тууралуу отчет угулду.



Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Жусупов жабыркаган объектилердин саны тууралуу маалымат берди.

Ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен шамалдын кесепетинен:

  • 42 турак жай комплекси;
  • 6 медициналык мекеме;
  • 35 социалдык объект;
  • 13 автоунаа;
  • 101 башка объектилер (дүкөндөр, мончолор, электр чубалгылары, трансформаторлор, коммуналдык системалар) жабыркаган.

Тиешелүү шаардык кызматтар бул объектилерде ыкчам калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ар бир транспорт боюнча жекече иш жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, 28-мартта болжол менен саат 16:20да Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 18-28 метрге жеткен катуу шамал башталган.

ӨКМдин алдын ала берген маалыматына таянсак, шамалдын кесепетинен жалпы 154 объект жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий