• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте жүк ташуучу унаа менен скутер кагылышып, бир адам каза тапты

Кырсык 0


Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Бишкекте жүк ташуучу унаа менен скутер катышкан жол кырсыгы катталды.

Бишкек ШИИББинен билдиришкендей, бүгүн саат 11:45тер чамасында Жайыл баатыр көчөсү менен Шералиев көчөсүнүн кесилишинде Howo унаасы менен скутер сүзүшкөн.

Жүк ташуучу унааны 24 жаштагы Ы.Ж. аттуу жаран башкарып бараткандыгы белгилүү болду.

Жол кырсыгы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон (скутердин айдоочусу) жаран 2007-жылы туулган И.Ш. экендигин такташкан.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан алгачкы иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий