• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкекте жүргүнчү ташыган эки автобус сүзүштү

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн эртең менен саат 08.20лар чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель (мурдагы Алма-Ата) көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, жүргүнчүлөрдү ташыган эки автобус кагылышкан. №49 автобустун айдоочусу рулга ээ боло албай калып, алдыда жүргүнчүлөрдү салып жаткан №145 автобусту сүзгөн.

Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, каза болгон жана жабыркагандар жок, жүргүнчүлөр автобустан түшүүгө аргасыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий