• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте жаңы форматтагы “Россия сени менен” аталышындагы борбор ачылды

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкектеги К.Баялинов атындагы китепканада дүйнөдөгү биринчи “Россия сени менен” аталышындагы борбор ачылды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору билдирди.


Борбордун ачылышына КР Маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов, китепканачылар, мугалимдер, ошондой эле мекендештер кыймылынын лидерлери катышты.

Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцовдун айтымында, борборду түзүү идеясы Россотрудничествого таандык.


«Өсүп келе жаткан муунду кызыктырган нерселер канчалык көп болсо, заманбап технологияларды өздөштүрүү ошончолук жеңил болот деп ойлойбуз. Эң маанилүүсү, биздин борбордун жаш коноктору келечекте ким болгусу келгенин түшүнүп, ошол багытта аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк алышат», - деди Шевцов.


Маалыматка ылайык, аталган борбордо россиялык дизайнерлер лекцияларды, көргөзмөлөрдү, дискуссиялык клубдарды жана мастер класстарды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүп, борбор биринчи кезекте жаш муундарга багытталат.


Жыл соңуна чейин борбордо россиялык окумуштуулар, мугалимдер жана заманбап окуу куралдарын иштеп чыгуучулар мектеп окуучулары жана мугалимдери үчүн физика, биология, робототехника боюнча мастер-класстарды өткөрүүсү пландалууда.


Мындан сырткары, жакынкы келечекте борбордо балдардын илимий эксперименттеринин фестивалы болот.

Пикир

Оставить комментарий