• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте жаңы газ от казандары ишке киргизилди

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда “Жал” жана “Шаар ооруканасы” отканаларындагы жаңы от казандары ишке киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук энергиясы менен камсыз кылган "Ротор" отканасындагы жүктү азайтуу максатында "Жал" буу казанына 2 түрк өндүрүшүндөгү кубаттуулугу 5200 кВт болгон "Мимсан" газ буу казандары орнотулуп, 725 метр жылуулук трассасы тартылды.

Кошумча от казандарды орнотуунун натыйжасында 19 көп кабаттуу үй жана Эне жана баланы коргоо борборунун 2 имараты жылуулук энергиясын алат.

"Шаар ооруканасы" буу казанынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн дагы кубаттуулугу 5200 кВт болгон эски буу казан жаңысына алмаштырылды.

Отканада жыл ичинде газды үнөмдөө болжолу менен 202,58 миң куб метрди түзөт, башкача айтканда, 5 млн сомго жакын каражат үнөмдөлөт.

Пикир

Оставить комментарий