• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

28-29-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналын коргоо боюнча кызмат күчөтүлгөн режимде иштеген – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. 2021-жылы 28-29-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналын коргоо кызматы күчөтүлгөн режимде иш алып барган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин укук тартиби боюнча комитетинин отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналын коргоо күчөтүлбөгөнүн, ошондуктан Тажикстандын аскер кызматкерлери аталган объектини басып алууга аракет кылышканын айткан.

Күнүгө КР ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн ыкчам бөлүктөрүнөн турган күзөт «Головной» суу каналын коргоонү жүзөгө ашыра турганын белгилейбиз.

Ведомстводон 2021-жылы 28-29-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналы ИИМдин Ички аскерлеринин «ШЕР» 707 аскер бөлүгү тарабынан королгон жана ал күчөтүлгөн режимде иш алып барганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий