• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте жаңы төрөлгөн наристенин жансыз сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 18.12.17. /Кабар/. Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды,-деп билдирет Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 14-декабрда болжол менен саат 13:00 чамасында Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө “Аламүдүн-1” кич районундагы ЖЭБ боюндагы каналдын боюнча ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы туууралуу билдирүү келип түшкөн.

“Окуя болгон жерге Свердлов РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Аталган кырсык катталып, бир катар экспертиза дайындалды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий