• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте жаңы магистраль ачылды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарында Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы алты тилкелүү жол чыгыш-батыш багытындагы Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат. Негизги жолдун боюнда жашаган шаар тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү маанидеги жол каралган.

Белгилей кетсек, жол айланма болуп Муромский, Б.Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2 өтмөгүн бириктирет, бул борбор калаанын түштүк тарабында жайгашкан жолдордо тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет.

Курулуш Кытай грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Жол ачуу аземине борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Ленин районунун акими Руслан Тагаев, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев, ошондой эле «China Road and Bridge Corporation» кытай компаниясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий