Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады.
Башкы балатыны "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери орнотууда. Балаты быйыл да чоң фонтандын ордуна орнотулуп жатат.
Белгилей кетсек, былтыр өлкөнүн башкы балатысынын оту 16-декабрга жанган. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет.
Пикир
Оставить комментарий