• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Салык кызматкерлери студенттерге жергиликтүү салыктар жөнүндө айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин Академиясынын 4-курсунун студенттерине "Жергиликтүү салыктар: башкаруу, түрлөрү, эсептөө жана төлөө тартиби, жеңилдиктер" темасында лекция өткөрүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, Салык кызматынын адистери жергиликтүү салыктарды башкаруу аспектилери боюнча толук маалымат беришти, ошондой эле аларды эсептөө тартибин, төлөө мөөнөттөрүн жана жеңилдиктердин өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүндүрүштү.

Салык кызматкерлери расмий сайттын жана электрондук салык кызматтарын колдонууну реалдуу режимде көрсөтүштү. Студенттерге салык системасын практикалык жактан жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берген турмуштук жагдайлар каралды.

Ошондой эле, жолугушуунун маанилүү темасы болуп "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясы тууралуу маалымат болду. Салык кызматкерлери катышуучуларды товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кассалык чекти активдүү талап кылууга чакырып, бул демилгеге катышуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар Салык кызматын үч жылдык мезгилге өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат, мында калктын салык сабаттуулугун жана маданиятын жогорулатуу маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий