• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте жаңыланган "Эл достугу" монументинин расмий ачылышы өттү

Маданият 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкек шаарында жаңыланган "Эл достугу" монументинин расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Алманбет Матубраимов жана анын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле маданий ишмерлер жана коомдук активисттер катышты. Алар монументтин ачылышында сөз сүйлөп, Кыргызстандын өзгөчө маданиятка бай жана этностук көп түрдүүлүгүн белгилешти.

"Аталган монумент биздин тарыхыбыздын терең тамырларын, биздин ата-бабаларыбыздын мурастарын жана бүгүнкү көп этностуу Кыргызстандын ырааттуулугун жана биримдигин чагылдырып, достук жана биримдик –мамлекеттүүлүгүбүздүн негизги тирөөчтөрү", - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа жана ар этностун улуттук кийимдеринин көргөзмөлөрү менен коштолду. Улуттук өзгөчөлүктөрдү даңазалаган көргөзмөлөр Кыргызстандагы этностордун уникалдуулугун жакындан таанууга мүмкүнчүлүк берилди.

Бул монумент Кыргызстандагы элдердин көптөгөн жылдар бою биримдикти, тынчтыкты жана этностор аралык ынтымакты сактап келгенинин символу катары тургузулган. Эстелик Кыргызстандагы ар этностордун ортосундагы тилектештикти жана биримдикти даңазалап, өлкөнүн тынчтыкты куруу саясатындагы маанилүү элементтеринин бири катары орун алат.

Аталган салтанаттуу иш-чара Кыргызстандын маданий жана социалдык турмушундагы маанилүү окуя болуп эсептелип, достук жана биримдик идеясын жайылтууга чоң салымын кошот.

Пикир

Оставить комментарий