• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жабырлануучуну $50 миң алдап кетүүгө шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектелген жаранды кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-июнунда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Т.И. аттуу жаран О. Б. жана Ш. Т. аттуу жарандарга карата чара көрүп берүү арызы менен кайрылган. Себеби алар "облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар" деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң долларын алып, андан соң из жашырып кетишкен.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Биринчи май РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган О.Б. аттуу шектүү кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

"Эгерде сиз дагы кара ниет адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирүүңүздү өтүнөбүз: 0(700) 00-20-20 жана 102", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий