• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарында Ош көчөсүн кеңейтүү боюнча даярдык иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Ош көчөсүнүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов жолду кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, жашоочулар менен жолугушуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери да жүрдү. Мында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу тарабынан жолдун чек арасы такталып, “кызыл сызыктан” чыккан имараттарды кыска мөөнөттө бузуп, алып салуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, жолдун туурасы эки тарабындагы тротуарларды, ирригациялык тармактарды, жарыктандырууну кошкондо 12 метрди түзөт. Жолдун жалпы узундугу болжол менен 800 метр. Оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү быйылкы жылга каралган.

Пикир

Оставить комментарий