• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

"Каракол" аэропорту эл аралык стандартка ылайык курулууда - Каныбек Туманбаев

Аймак 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. "Каракол" аэропорту эл аралык стандартка ылайык курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын маалыматына ылайык, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

"Учуучу тилкесинде Кыргызстанда биринчи жолу мыкты сапаттагы асфальт төшөлүүдө.

Аба ырайы жакшы болуп турса президентибиздин тапшырмасына ылайык, аэропорт быйыл ишке берилет.

Туризмдин мындан ары өнүгүшүнө аталган аэропорт чоң өбөлгө болот буюрса", - деп жазды ал.

Туманбаев кошумчалагандай, учурда эл аралык стандарттарга толук жооп берген жаңы аэровокзал комплекси салынууда. Ал эми учактар конуу тилкеси 2450 метрге узартылды. Бул каалаган көлөмдөгү учактардын кыйынчылыксыз учуп-конуусуна мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, "Каракол" аэропорту 30 жылдан ашык убакыт иштебей турган.

Пикир

Оставить комментарий