• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Азия оюндарындагы биздин спортчулардын жеңиши менен бүткүл Кыргызстан сыймыктанат

Өкмөт 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. “Бүгүн биздин спортчулар Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, элдин ишеничин актап, чоң жеңиштер менен кайтышты. Бардык спортчуларыбызды президенттин, министрлер кабинетинин жана жалпы кыргыз элинин атынан рекорддук жемиштүү жеңиш менен келишиңер менен куттуктайм. Биз сиздер менен сыймыктанабыз”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытайда өткөрүлгөн XIX жайкы Азия оюндарына катышкан Кыргызстандын спортчуларын сыйлоо аземинде куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып .

Министрлер кабинетинин төрагасы балбандар жаракат алып калганына карабастан, бекем эркти, майтарылбас, кажыбас кайратты көрсөтүп, кыргыз куржунун алтын, күмүш, коло медалдары менен толтурганын белгиледи.

“Биздин Айсулуу кандай медаль алып келсе да, аты спорт тарыхында эле эмес, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө орун алат. Айпери кызыбыз бир бутунан 1 ай мурда эле жаракат алганына карабастан, Азия оюндарында алтынды багындырып отурат. Жүрөгүбүз менен кубандык. Балбан жигиттерибиз өздөрүнүн ысымдарын уламышка – легендага айландырышты. Күч атасын тааныбайт деген ушу. Белграддагы Дүйнөлүк чемпионаттан балбандар келгенче Эрлан Шеров дзюдодон алтын медаль жеңип берди. “Акжол – акула” деген легенда көптүн үшүн ала турган болду. Жоломан балам олимпиадалык оюндардан алдырганда көрүүчүлөр сени менен кошо ыйлашкан. Ошол үмүттөрдү эки үч эсе актап берди. Биздин машыктыруучулар, насаатчылар, медиктер ар бир спортчуну машыктырып турганыңар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз” – деди ал.

Акылбек Жапаров андан ары спорттук эксперттер белгилегендей Азия оюндарында кыргыз спортчулары сапатка иштешкенин кошумчалады.

“Сиздер 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медалды жеңдиңиздер.4 5 өлкөнүн арасында 18-орунду ээледик. Бул Кыргызстандын ар бир жараны үчүн чоң кубаныч жана зор сыймыктануу” – деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы башка ата мекендик спортчулардын потенциалы чоң экенин, алар өлкөбүзгө жеңиш алып келерин белгиледи.

“Ар бир жеңиштин артында спортчулардын талыкпаган мээнети жатат. Мамлекет спортчулардын жетишкендиктерин жогору баалайт жана дем берүүнү уланта берет. Буюрса, алдыда күтүп жаткан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дагы бизди кубантып алтын медаль алып келесиңер деп ишенебиз жана биз өзүбүз тараптан болгон күчүбүздү жумшап, керектүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылабыз” – деди Акылбек Жапаров.

Иш-чаранын соңунда спортчулар, машыктыруучулар жана дарыгерлер сыйланды.

Алтын медалдын ээлерине 1 млн 250 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Күмүш медаль алгандарга 750 миң сомдук, коло медаль алгандарга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий