• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү

Коом 0

Бишкек,14.09.24./Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлеринин катышуусунда Пригородное айылындагы И.Таранчиев атындагы сейил багында ишембилик өткөрүштү.

Адистер биргеликте паркты таштандылардан тазалап, отургучтарды сырдашты. Учурда 7 тонна катуу тиричилик таштандылары чыгарылып, куураган чөп, жалбырак, бак-дарактардын бутактары жыйналып алынды.

Тазалоо иштерине "Тазалык" муниципалдык ишканасынан 2 техника жана "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынан 4 техника тартылды.

Мындан тышкары, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан бекитилген аймактарда ишембилик өткөрүлдү.

Иш-чара салттуу түрдө 15-сентябрда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 21-сентябрында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий